Урматтуу телерадио тармагынын кызматкерлери!

Урматтуу телерадио тармагынын кызматкерлери! Сиздерди 8-декабрь кесиптик майрамыныздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Теле жана радио кызматкерлеринин күнүмдүк жумушу өзгөчө мааниге ээ. Себеби, телевидение жана радио ар бирибизге өлкөдөгү болуп жаткан окуялар туурасында маалыматты жеткирип, биздин жашообузду жандандырып турат. Анда иштеген кызматкерлер окуяны жалпы өлкөгө чагылдыруу үчүн күнү түнү эмгектенишет. Ары татаал, ары кызыктуу кесибиниздер аркылуу өлкөбүздүн күнүмдүк турмушун чагылдырып, ар дайым жакшы жөрөлгөлөргө ортоктош болуп жүрө бериниздер. Сиздерге чын ден соолук, чыгармачылык ийгилик жана үй-бүлөнүздөр менен бакубат турмуш сүрүшүңүздөрдү каалайбыз! Түйшүктүү ,жооптуу жана сыймыктуу кесипте үзүрлүү эмгектене беришиниздерге тилектешпиз!
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын жамааты.

Печать