Previous Next

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУСУНУН БАЙКООЧУ КЕНЕШИНИН ОТУРУМУ ӨТТҮ.

Новости Просмотров: 431

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУСУНУН БАЙКООЧУ КЕНЕШИНИН ОТУРУМУ ӨТТҮ.
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун байкоочу кенешинин отуруму өттү. Отурумга Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнү Илияз Иманбетов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Улан Далиев, Ысык-Көл өнүктүрүү фондусунун директору Самат Медеров, Байкоочу кенештин мүчөлөрү жана район, шаарлардын жетекчилеринин биринчи орун басарлары катышты. Алгач жыйындын башында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Улан Далиев Фондтун Байкоочу кенешинин жаны курамы менен тааныштырып, иштерине ийгилик каалады. Андан сон Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын директору Самат Медеров 2022-жылдын 9 ай ичинде Фонд тарабынан аткарылган жумуштар тууралуу маалымат берди. Жыйындын жүрүшүндө Фондтун ишмердүүлүгү, бекитилген пландын аткарылышы, өткөрүлгөн тендерлер, курулуп жаткан жана ишке берилген курулуш объектилери талкууланды. Ошондой эле, 2022-жылга карата район жана шаарлардан келип түшкөн сунуштардын негизинде жылдык планга толуктоолор киргизилип, кирише алып келүүчү долбоорлор каралды. Фондтун директору Самат Медеров курулуп жаткан объектилердин сапатына жана коопсуздугуна тыкыр көнүл бөлүп, курулуш компаниялардын өкүлдөрүнө келишимдеги милдеттерин так аткаруу талаптары коюлгандыгын баса белгиледи. Ошондой эле, фонд тарабынан бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу пайдалануу зарыл экендигин кошумчалады. Быйыл бөлүнгөн каражаттын 50 пайызы киреше алып келүүчү долбоорлорду колдоого, өндүрүш, женил өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө жумшаларын директор айтып өттү.

Печать