Previous Next

ШАПАК АЙЫЛЫНА ЖАНЫ ФАП КУРУЛДУ.

ШАПАК АЙЫЛЫНА ЖАНЫ ФАП КУРУЛДУ.
Ак-Суу районунун Шапак айылына жаны фельдшер-акушердик пункт салынды. Курулуш толугу менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу тарабынан каржыланды.Жалпы тендерлик баасы 4 млн 741 мин сомду түздү. Бул каражатка имараттын курулушунан тышкары, сырткы даараткана, очоккана салынып, керектүү эмеректер алынган. Бүгүнкү күндө курулуш толугу менен аяктап, имарат колдонууга берилди. Фельдшердик-акушердик пунктунун жетекчиси Гульжан Саданбекованын айтымында буга чейин атайын медициналык имараттын жоктугунан медиктер 1960-жылы салынган эски имаратта иштеп келишкен. Ал жакта толук кандуу шарттар түзүлбөгөндүктөн бир топ кыйынчылыктар жаралып келген. Ал эми жаны имараттын салынышы менен бул көйгөйлөр чечилип, калкты сапаттуу медициналык тейлөөгө шарттар түзүлдү. Фельдшердик-акушердик пункта 3 кызматкер иштеп, 1000 ашуун жашоочуну тейлешет.


Печать