Previous Next

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУН БАШКАРУУ БОЮНЧА ДИРЕКЦИЯСЫНЫН 2022-ЖЫЛДЫН ЯНВАРЬ-СЕНТЯБРЬ АЙЫНА КАРАТА АТКАРГАН ИШТЕРИ БОЮНЧА МААЛЫМАТ.

Новости Просмотров: 397

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУН БАШКАРУУ БОЮНЧА ДИРЕКЦИЯСЫНЫН 2022-ЖЫЛДЫН ЯНВАРЬ-СЕНТЯБРЬ АЙЫНА КАРАТА АТКАРГАН ИШТЕРИ БОЮНЧА МААЛЫМАТ.
2022-жылдын январь-сентябрь айларында Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясы тарабынан төмөндөгүдөй жумуштар аткарылды. 2022-жылга карата Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун Байкоочу кеңеши тарабынан бекитилген план 962 722,2 миң сомду түзгөн. Бул акча каражатынын ичине 2021-жылдын планынан калдык 77,1 млн.сом акча каражаты кирет. Пландык көрсөткүч 77,5 пайызга аткарылды, тактап айтканда 559 698,1 миң.сом каржыланып берилди. Ошону менен бирге, 2022-жылдын 15-февралында Кумтор ишканасы менен макулдашылган жана каржы булагы ушул эле жылдын март айында башталган. Ошондон улам, 2022-жылдын январь-сентябрь айларына карата “Кумтөр Голд Компани” ишканасы тарабынан Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусуна 604,3 млн сом акча каражаты түшкөн.
2022-жылы 9 айына Байкоочу кеңеш тарабынан бекитилген пландын жана каржыланган акча каражатынын тармактарга бөлүнүшү (млн.сом)
Билим берүү тармагы 99 142,8
Саламаттыкты сактоо тармагы 19 609,5
Маданият тармагы 16 449,6
Спорт тармагы 16 344,4
Жол жана суу менен камсыздоо 69 558,4
Өздүк салым менен камсыздоо 61 533,0
Киреше алып келүүчү долборлорго 193 340,0
Башка тармактарга 83 720,4
Баардыгы 559 698,1
2022 жылы Фонд тарабынан бардыгы болуп 185 объектиде курулуш жана ондоо иштери жүрүп жатат. Ошондой эле, 9 ай аралыгында фондтун эсебинен каржыланып Балыкчы шаарындагы 4 чакырым жол бүткөрүлдү, Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылындагы эски маданият үйүн бала бакча кылып реконструкциялоо иштери аяктады. Тоң районунун Шор-Булак айылындагы мектептин актовый залынын курулушу аяктап колдонууга берилди. Каракол шаарынын коопсузду аймак долбоорун колдоо максатында 2,5 млн.сом өздүк салым катары каржыланды. Ал эми Ак-Суу районунун коопсуз аймак долбоорун колдоо максатында 2 млн сом бөлүнүп берилди. Жолголот айылындагы бала бакчасына 8,0 млн.сомдон ашык акча каражаты каржыланып оңдоо иштери аяктап колдонууга берилди. Ой-Тал айылындагы бала бакчанын оңдоо иштери аяктап, колдонууга берилди. Байзак айылындагы кичи футбол аянтчасынын курулуш иштери аяктады. Ысык-Көл районунун Темир айылындагы жаңы конуштун электр системасын орнотуу иштери бүткөрүлдү. Корумду айылындагы эски баня ФАПка реконструкцияланып бүткөрүлдү. Ошондой эле, Кароол-Дөбө айылындагы кичи футбол аянтчасы курулуп, колдоонууга берилди. Каракол шаарынын жолдорду тейлөөчү муниципалдык ишканасына 2 оор техника сатылып алынды. Ал эми жашылдандыруу боюнча муниципалдык ишканасына 1 техника алынып берилди. Жалпы техникаларга каржыланган сумма 26 млн. сомду түздү. Ак-Суу районунун айыл аймактарына 4,5 млн.сомго 1 даана погрузчик жана 1 жаан кылып сугаруу агрегаттар 8,3 млн сомго сатып алынып берилди.
Жалпысынан 2022-жылдын январь-сентябрь айлары боюнча сатып алуу, оңдоп-түзөө жана курулуш объектилери боюнча 85 объектинин иштери аткарылып колдонууга берилди.

Печать