КОЗУ КАРЫН ӨСТҮРҮП КИРЕШЕ ТАПКАН ИШКЕР.
Ысык-Көл районунун Корумду айылынын тургуну козу карын өстүрүп ишкерлик кылат. Ал 2022-жылы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусуна долбоор менен кайрылып 1 млн 300 мин сом пайызсыз насыя алган. Алган каражатын козу карын өндүргөн ишкана ачууга жумшап, тийиштүү жабдыктарды сатып алган. Учурда ишканада 8 кызматкер иштейт. Козу карын бизнеси Кыргызстанда жаны өнүгүп келе жаткан тармак болгондуктан атаандаштык аз, кирешеси жакшы, суроо-талап жогору. Ишкер айымдын айтымында буйрутманын көптүгүнөн сезон убагында керектүү көлөмдө козу карын менен камсыздоо мүмкүн болбой калат. Андыктан ишкерлик баштайм дегендер болсо ушул тармака басым жасап, өнүктүрсө дейт. Ошондой эле, келечекте козу карынды жыл бою өстүрүп, ички рынокту камсыз кылуу ойлору бар экенин билдирди.
__________________________________________________
ПРЕДПРИНИМАТЕЛЬ ИЗ КОРУМДУ ПОЛУЧАЕТ ХОРОШИЙ ДОХОД ВЫРАЩИВАЯ ГРИБЫ.
Жительница села Корумду Иссык-Кульского района занимается выращиванием грибов. В 2022 году она обратилась с проектом в Фонд развития Иссык-Кульской области и получила беспроцентный кредит в размере 1 млн 300 тысяч сомов. На полученные деньги она открыла предприятие по производству грибов и купила необходимое оборудование. В настоящее время в предприятии работает 8 сотрудников. Грибной бизнес — это новая развивающаяся отрасль в Кыргызстане, поэтому здесь небольшая конкуренция, хороший доход и высокий спрос. По словам предпринимателя, в этом году из-за большого количества заказов они не смогли поставить грибы в необходимом количестве. Поэтому тем, кто хочет начать свой бизнес, стоит сосредоточиться на этой отрасли и развивать ее. Она также сообщила, что в дальнейшем планирует выращивать грибы круглый год, чтобы обеспечивать наш внутренний рынок нужным объемом.