Previous Next

КЫРГЫЗ ТИЛИ- БИЗ ҮЧҮН БИЙИК ОРДУН, АЛА-ТООДОЙ АР ДАЙЫМ БИЙИК БОЛГУҢ!

Новости Просмотров: 368

КЫРГЫЗ ТИЛИ- БИЗ ҮЧҮН БИЙИК ОРДУН,
АЛА-ТООДОЙ АР ДАЙЫМ БИЙИК БОЛГУҢ!
Бүгүн 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Мындан туура 33 жыл мурун, тагыраак айтканда 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз-тили мамлекеттик тил деген статуска ээ болгон. Ошондон бери бул күн өлкөбүздө тил майрамы катары белгиленип келет. Урматтуу Мекендештер бүгүнкү «Улуу майрам» менен чын дилибизден куттуктап кетмекчибиз! Улуу майрам деп айтууга толук негиз бар. Анткени ар бир улуттун өзүнүн ыйык өзгөчөлүктөрү болот. Алардын эң башкысы бул –тили. Бүгүн тилин жоготкон эл, эртең элдүүлүгүн жоготот. Элдүүлүгүн жоготкон элде эч качан мамлекеттүүлүк деген түшүнүк болбойт. Тилибизди көздүн карегиндей сактап, улам байытып, өнүктүрүп өстүрүүгө ар бир кыргыз атуулун чакырабыз! Жана келечек муунга кичинесинен эне тилибизге болгон сүйүүнү арттырып, баалап-барктоого чакыруу биздин милдет экенин дагы бир жолу белгилейбиз!
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын жамааты!

Печать