Previous Next

ЧОЛПОН-АТА ШААРЫНА ЖАҢЫ КАЛКТЫ ТЕЙЛӨӨЧҮ БОРБОР КУРУЛАТ.

ЧОЛПОН-АТА ШААРЫНА ЖАҢЫ КАЛКТЫ ТЕЙЛӨӨЧҮ БОРБОР КУРУЛАТ.
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына жаны калкты тейлөөчү борбор курулат. Имараттын пайдубалына капсула салуу аземине Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун техникалык адиси, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Курулуш толугу менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунан каржыланат. Жалпы тендерлик баасы 13 млн. 458 мин сомду түздү. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан заманбап тейлөө борборун куруу сунушу келип түшкөн. Фондтун Байкоочу кенеши тарабынан бул демилге колдоого алынып, тийиштүү каражат бөлүнгөн. Учурда курулуштун баштапкы этаптары башталды. Имараттын жалпы аянты 270 м2. Жаны имарат бардык тийиштүү шарттары менен болуп, калкты сапаттуу, тез кызмат көрсөтүүгө шарт түзмөкчү.


Печать