КАБАК АЙЫЛЫНА БИРИНЧИ ЖОЛУ МЕКТЕП САЛЫНУУДА.
Жети-Өгүз районунун Кабак айылына 275 орундуу жаны мектеп спорт залы менен салынууда. Буга чейин Кабак айылында мектеп жок болгондуктан балдар эски клубтун имаратында жана айылдыктар тарабынан салынган кошумча имаратта билим алып келишкен. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу жергиликтүү бийликтин сунушун колдоого алып, жаны билим берүү мекемесин курууга каражат бөлгөн. Жалпы сметалык баасы 49 млн. 397 мин сомду түздү. Бүгүнкү күнү мектептин курулушунун 80 пайызы бүткөрүлдү. Кабак айылынын балдары быйылкы окуу жылын бардык шарттары менен заманбап мектепте баштаары күтүлүүдө.
__________________________________________________
В СЕЛЕ КАБАК СТРОИТСЯ ПЕРВАЯ ШКОЛА.
В селе Кабак Джеты-Огузского района строится новая школа со спортивным залом на 275 мест. До сегодняшнего дня из-за отсутствия школы в селе Кабак дети обучались в старом здании клуба и в дополнительном здании, построенном жителями села. Фонд развития Иссык-Кульской области поддержал предложение местного правительства и выделил средства на строительство нового учебного заведения. Общая сметная стоимость составляет 49 млн. 397 тысяч сомов. На сегодняшний день завершено 80 процентов строительства школы. Ожидается, что дети села Кабак начнут этот учебный год в современной школе со всеми условиями.