Previous Next

МУХТАР АУЭЗОВДУН ҮЙ - МУЗЕЙИНИН ТЕГЕРЕК ЧЕТИ ЖАКШЫРТЫЛДЫ.

МУХТАР АУЭЗОВДУН ҮЙ - МУЗЕЙИНИН ТЕГЕРЕК ЧЕТИ ЖАКШЫРТЫЛДЫ.

Чолпон-Ата шаарындагы казак жазуучусу Мухтар Ауэзовдун үй-музейинин тегерек чети ондолду. Оңдоп түзөөгө Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондусу 1 млн. 822 мин сом каражат бөлгөн. Ошондой эле, жазуучуга арналып атайын бюст орнотулган. Анын расмий ачылышына Казакстан Республикасынын Президенти Касым- Жомарт Токаев катышты. Белгилүү жазуучу Мухтар Ауэзов 1959-жылдан 1961-жылга чейин бул үйдө иштеп , жашаган. Ошондой эле, акыркы «Жаш уруу» романын жаза баштаган, бирок аягына чыккан эмес.
1970-жылы сентябрда бул жерде Мухтар Ауэзовдун китепкана-музейинин расмий ачылышы болгон. Учурда музейде жазуучунун жеке буюмдары жана китептер сакталып турат. Китепканадагы китептердин алгачкы 5000 нускасы жазуучунун кызы Лейла Мухтаровнанын демилгеси менен чогултулган. Азыр китепкананын китеп фондусу 12 миңге жакын китепти түзөт.
__________________________________________________

БЛАГОУСТРОЙСТВО ТЕРРИТОРИИ ДОМА-МУЗЕЯ МУХТАРА АУЕЗОВА.

Завершены работы по благоустройству территории вокруг дома-музея казахского писателя Мухтара Ауэзова в городе Чолпон-Ата. Для благоустройства Фонд развития Иссык-Кульской области выделил 1 млн. 822 тысяч сом. Также был установлен специальный бюст, посвященный писателю. На официальное открытие которого принял участие Президент Республики Казахстан Касым-Жомарт Токаев. Мухтар Ауэзов жил и работал в этом доме с 1959 по 1961 годы. Также, он начал писать свой последний роман « Племя младое», но не закончил его. В сентябре 1970 года здесь официально открылась библиотека-музей Мухтара Ауэзова. В настоящее время в музее хранятся личные вещи писателя и книги. Первые 5000 экземпляров книг в библиотеке были собраны по инициативе дочери писателя Лейлы Мухтаровны. Сейчас книжный фонд библиотеки составляет около 12 тысяч книг.


Печать