ТОНДУН АК-ТЕРЕК АЙЫЛЫНА ЭЛЕКТР ӨТКӨРГҮЧТӨР ОРНОТУЛУУДА.
Тон районунун Ак-Терек айылына аба электр өткөргүчтөр курулуп жатат. Курулушка Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу 1 млн. 192 мин сом бөлдү. Бул каражатка курулушка керектүү материалдар алынды. Тагыраак айтканда мамылар, трансформатор, бетон шакекчелер, зымдар жана тийиштүү тетиктер сатылып алынды. Электр өткөргүч системасын Тон РЭТ курат жана ушул жылы бүткөрмөкчү. Электр линиясынын жалпы узундугу 1600 метрди түзөт.
__________________________________________________
СЕЛЕ АК-ТЕРЕК ТОНСКОГО РАЙОНА ПРОВОДИТСЯ ЛИНИИ ЭЛЕКТРОПЕРЕДАЧ.
В селе Ак-Терек Тонского района строятся воздушные линии электропередач. Для строительства Фонд развития Иссык-Кульской области выделил 1 млн. 192 тысячи сомов. На эти средства были приобретены необходимые строительные материалы. В частности, были закуплены опоры, трансформатор, бетонные кольца, провода и сопутствующие детали. Система передачи будет построена Тонским РЭТ и будет завершена в этом году. Общая длина ЛЭП составляет 1600 метров.