ТОНДО ЖАНЫ БАЛА БАКЧА КУРУЛУУДА.
Тон районунун Ак-Өлөң айылында жаны бала бакча курулуп жатат. Курулуш толугу менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунан каржыланууда. Жалпы тендерлик баасы 43 миллион сомду түздү. Имарат эки кабаттан туруп, 100 балага ылайыкталган. Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин сапаты фондтун техникалык көзөмөлдөө адистеринин тыкыр көзөмөлүндө жүрүп жатат. Имараттын курулушу 2023-жылы аяктап, колдонууга берүү пландалууда. Жаны курулуп жаткан бала бакчада бөбөктөр үчүн бардык шарттар түзүлмөкчү.
_______________________________________________________________________
В ТОНСКОМ РАЙОНЕ СТРОИТСЯ НОВЫЙ ДЕТСКИЙ САД.
В селе Ак-Олон Тонского района идет строительство нового детского сада. Строительство полностью финансируется Фондом развития Иссык-Кульской области. Общая тендерная стоимость составила 43 миллиона сомов. Здание состоит из двух этажей и рассчитано на 100 детей. На сегодняшний день качество строительных работ находится под пристальным контролем специалистов технического надзора Фонда. Строительство и ввод в эксплуатацию здания планируется завершить в 2023 году. В новом строящемся детском саду будут созданы все условия для детей.