ТОНДО ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУСУНУН КОЛДООСУ МЕНЕН БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ.
Тон районунун Бөкөнбаев айылында Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун колдоосу менен менчик бала бакча ачылды. Тондук ишкер 2021-жылы менчик бала бакча ачуу боюнча долбоору менен Фондко кайрылган. Фондтун Байкоочу кенешинин чечими менен ишкердин долбооруна 1 млн. сом пайызсыз насыя бөлүнүп берилген. Учурда бала бакча толук кандуу иш жүргүзүүдө. Анда 20 ашык балдар окуу-тарбия алып жатат. Бөбөктөр үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Ошондой эле 6 кызматкер иштейт. Алардын орточо айлык акылары 10000 сомдон жогору.
__________________________________________________
ПРИ ПОДДЕРЖКЕ ФОНДА РАЗВИТИЯ ИССЫК-КУЛЬСКОЙ ОБЛАСТИ В ТОНЕ ОТКРЫЛСЯ ДЕТСКИЙ САД.
В селе Боконбаево Тонского района при поддержке Фонда развития Иссык-Кульской области открылся частный детский сад. В 2021-году предприниматель из Тона обратился в Фонд с проектом по открытии частного детского сада. Согласно решению Наблюдательного совета Фонда,на реализацию проекта было выделено 1 миллион сомов беспроцентного кредита. В настоящее время детский сад полноценно функционирует. Здесь воспитывается более 20 детей. Для малышей созданы все условия. А также работают 6 сотрудников. Их средняя заработная плата составляет более 10 тысяч сомов.