ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУСУ ИРИ ТИГҮҮЧҮ ФАБРИКАНЫН АЧЫЛЫШЫНА КОШУМЧА КАРЖЫЛОО КЫЛДЫ.
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна «Азиар Фэшн» ири тигүү цехинин филиалынын ачылышына 30 млн.сом кошумча каржылоо бөлдү. Заманбап тигүү фабрикасы жергиликтүү тургундарды 300 ашуун жумуш орду менен камсыз кылмакчы. Ал эми андагы тигилген кийим-кечектер коншу өлкөлөргө-Казакстан, Өзбекстан жана Россия базарларына экспорттолот. Ишканада жумушчулар үчүн бардык шарттар түзүлүп, коопсуздук талаптары сакталган. Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду 2019-жылдан бери облустун ишкерлерин колдоо максатында пайызсыз насыяларды берүүдө. Алсак, 2019-жылы 9 долбоорГО жалпы 22 млн.710мин сом, 2020-жылы 38 долбоорго жалпы 95 млн.465 мин сом пайызсыз насыялар берилген. Жыйынтыгында, 2019-жылы 136, 2020-жылы 487 жаны жумушчу орундар түзүлгөн.
ФОНД РАЗВИТИЯ ИССЫК-КУЛЬСКОЙ ОБЛАСТИ ВЫДЕЛИЛ СОФИНАНСИРОВАНИЕ НА ОТКРЫТИЕ КРУПНОЙ ШВЕЙНОЙ ФАБРИКИ.
Фонд развития Иссык-Куля дополнительно выделил 30 миллионов сомов на открытие филиала крупнейшего швейного цеха «Азиар Фэшн» в Джети-Огузском районе Иссык-Кульской области. Современная швейная фабрика предоставит местным жителям более 300 рабочих мест. Одежда экспортируется в страны ближнего зарубежья - Казахстан, Узбекистан и Россию. На предприятии созданы все условия для работников и соблюдены требования техники безопасности. Следует отметить, что Фонд развития Иссык-Куля с 2019 года предоставляет беспроцентные кредиты для поддержки предпринимателей области. Так, в 2019 году был профинансирован 9 проектов на общую сумму 22 миллиона 710 тысяч сомов, а в 2020 году 38 проекта на 95 миллионов 465 тысяч сомов. В результате в 2019 году было создано 136 новых рабочих мест, в 2020 году - 487.