К.ТЫНЫСТАНОВ АТЫНДАГЫ ЫСЫК-КӨЛ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ФАСАДЫ ОНДОЛДУ.
К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин тышкы келбети ондоп түзөөдөн өттү. Ондоо иштерине Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу 7 660 081сом каражат бөлгөн. Бул каражатка окуу корпусунун сырты толугу менен жаныртылып, фасадды калыбына келтирүү, бекемдөө иштери, боёк катмарларын жана декоративдик шыбактарды коюу иштери жүргүзүлдү. Өлкөдөгү эң ири билим берүү мекемелеринин бири болгон университет, Кыргыз ССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин 1940-жылдын 13-июнундагы токтому менен эки жылдык мугалимдер институту катары түзүлгөн.