Previous Next

БАЙКООЧУ КЕНЕШТИН КЕЗЕКТЕГИ ОТУРУМУ ӨТТҮ.

БАЙКООЧУ КЕНЕШТИН КЕЗЕКТЕГИ ОТУРУМУ ӨТТҮ.
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун Байкоочу кенешинин кезектеги отуруму болду. Отурумга Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Улан Далиев, Ысык-Көл өнүктүрүү фондусунун директору Самат Медеров, Байкоочу кенештин мүчөлөрү жана район, шаарлардын өкүлдөрү катышты. Жыйында жылдык планга район, шаарлардан келип түшкөн сунуштар боюнча толуктоолор киргизилди. Ошондой эле, облус боюнча тигүү фабрикаларын ачуу жана жаны жумуш орундарын түзүү багытындагы долбоорлор каралды. Буга чейин Жети-Өгүз районунда 100 жана 300 орундуу эки, Түп районунда 300 орундуу бир ири кийим тигүү фабрикалары ачылган. Ал эми жакынкы күндөрү Ак-Суу районунун Жаны-Арык айылына 100 орундуу, Тон районунун Кажы-Сай айылына 100 орундуу, Ак-Өлөң айылына 55 орундуу, Бөкөнбаев айылына 200 орундуу тигүү цехтери ачылмакчы. Ушундай эле ири тигүү фабрикаларын Ысык-Көл районунда, Балыкчы, Каракол шаарларында ачуу пландалууда.

СОСТОЯЛОСЬ ОЧЕРЕДНОЕ ЗАСЕДАНИЕ НАБЛЮДАТЕЛЬНОГО СОВЕТА.
Состоялось очередное заседание наблюдательного совета Фонда развития Иссык-Кульской области. На заседании приняли участие первый заместитель полномочного представителя Президента Кыргызской Республики в Иссык-Кульской области Улан Далиев, директор Фонда развития Иссык-Кульской области Самат Медеров, члены Наблюдательного совета, представители районов и городов. На собрании были внесены изменения в годовой план на основании поступивших предложений от районов и городов. Также были рассмотрены проекты по открытию швейных фабрик и созданию новых рабочих мест в области. Ранее были открыты две крупные швейные фабрики на 100 и 300 мест в Джети-Огузском районе и одна крупная швейная фабрика на 300 мест в Тюпском районе. В ближайшие дни ожидается открытие швейных цехов в селе Жаны-Арык Ак-Сууйского района на 100 мест, в селе Каджи-Сай Тонского района на 100 мест, в селе Ак-Олон на 55 мест и в селе Боконбаево на 200 мест. Планируется открытие аналогичных крупных швейных фабрик в Иссык-Кульском районе и городах Балыкчи и Каракол.

Previous Next

ТҮПТӨ ЖАНЫ СПОРТ ЗАЛ АЧЫЛДЫ.

ТҮПТӨ ЖАНЫ СПОРТ ЗАЛ АЧЫЛДЫ.
Түп районунун Арал айылында жаны курулган спорт залдын ачылыш аземи өттү. Салтанатка Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун башчысы Самат Медеров, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты. Спорттук имараттын курулуш иштери толугу менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунан каржыланды. Курулуш 2018-жылы башталган, жалпы тендерлик баасы 11млн. 743 мин сом. Аянты 360 м2. Спорт залда бардык шарттар түзүлгөн. Жуунучу жайлар, ички даараткана, тренердин бөлмөсү жана чечинүүчү бөлмөлөр бар

ОТКРЫЛСЯ НОВЫЙ СПОРТИВНЫЙ ЗАЛ.
Торжественное открытие нового спортивного зала состоялось в селе Арал Тюпского района. В церемонии приняли участие Полномочный Представитель Президента в Иссык-Кульской области Мирбек Кожоев, глава Фонда развития Иссык-Куля Самат Медеров, местные власти и жители. Строительство спортивного объекта полностью профинансировано Фондом развития Иссык-Куля. Строительство началось в 2018 году, тендерная цена составила 11 миллионов долларов. 743 тысячи сомов. Общая площадь 360 м2. В спортзале созданы все условия. Есть душевая комната, внутренний туалет, тренерская и раздевалки

Previous Next

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУ КОЛДОГОН КИРЕШЕ АЛЫП КЕЛҮҮЧҮ ДОЛБООР.

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУ КОЛДОГОН ДАГЫ БИР КИРЕШЕ АЛЫП КЕЛҮҮЧҮ ДОЛБООР.
Түп районунун тургуну, ишкер Самарбек Жамангараев беш жылдан бери балык чарбасын түптөп, балыктын бир нече түрүн багып келет. 2019-жылы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна “Балык өстүрүүгө жана кайра иштетүүгө” долбоор жазып 3,5 млн. сом пайызсыз акча каражат алган. Ишкердин айтымында форель балыгын багуу өтө кымбат жана аны көбөйтүш үчүн кошумча каражат керектелет. Фонддон алган каражатка балыктын санын көбөйткөн жана инкубациялык цехине икра алып келип балыкты өзү өстүрүп чыгарүү да пландары бар. Ишкер Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан алган каражаттын жардамы менен чарбасын өнүктүрүүгө жакшы шарттар пайда болгонун баса белгиледи.
_______________________________________________________________________
ЕЩЕ ОДИН БЮДЖЕТОБРАЗУЮЩИЙ ПРОЕКТ, ПОДДЕРЖИВАЕМЫЙ ФОНДОМ РАЗВИТИЯ ИССЫК-КУЛЬСКОЙ ОБЛАСТИ.
Житель Тюпского района, предприниматель Самарбек Джамангараев пять лет занимается рыбоводным хозяйством, выращивая несколько видов рыб. В 2019 году он написал проект по «Выращиванию и переработки рыб» в Фонд развития Иссык-Куля и получил ссуду на 3,5 миллиона сомов . По словам предпринимателя, форелеводство обходится очень дорого и для его увеличения требуется дополнительные средства. На средства, полученные из фонда он увеличил поголовье рыбы и планирует завезти икру в инкубаторский цех, для самостоятельного выращивания рыбы. Он также отметил, что с помощью финансовых средств, полученных от Фонда развития Иссык-Куля, созданы хорошие условия для развития рыбоводного хозяйства.

Previous Next

ЫСЫК-КӨЛ ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУ КОЛДОГОН ДАГЫ БИР ИШКЕР.

ЫСЫК-КӨЛ ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУ КОЛДОГОН ДАГЫ БИР ИШКЕР.
Ысык-Көл районунун Семеновка айылынын тургуну Эркинбек Чекиров эт багытындагы бодо малдарды багып, ишкерлик кылып келет. 2019 –жылы Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондуна долбоор жазып, 2 млн.сом пайызсыз насыя алган. Бул каражатка бодо малдын санын көбөйтүп, эт өндүрүүнү жогорулатты. Ишкердин айтымында бодо малдарды өзүбүздүн базарлардан сатып алат, себеби бизде багылган малдардын этинин сапаты жогорку. Бүгүнкү күндө ишкердин алдында 2 жардамчы жана 2 касапчы туруктуу жумуш менен камсыз болушкан.
_______________________________________________________________________
ЕЩЕ ОДИН ПРЕДПРИНИМАТЕЛЬ, ПОДДЕРЖИВАЕМЫЙ ИССЫК-КУЛЬСКИМ ФОНДОМ РАЗВИТИЯ.
Эркинбек Чекиров, житель села Семеновка Иссык-Кульского района, занимается разведением крупного рогатого скота. В 2019 году он написал проект в Фонд развития Иссык-Кульской области и получил беспроцентную ссуду на 2 миллиона сомов. На эти средства он увеличил поголовье крупного рогатого скота и производство мяса. По словам предпринимателя, он покупает скот на наших рынках, потому что качество мяса местного скота высокое. На сегодня у него трудятся 2 помощника и 2 мясника.