Previous Next

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУН БАШКАРУУ БОЮНЧА ДИРЕКЦИЯСЫНЫН 2023-ЖЫЛДЫН ЯНВАРЬ-ДЕКАБРЬ АЙЛАРЫНА КАРАТА АТКАРГАН ИШТЕРИ БОЮНЧА МААЛЫМАТ.

Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын 2023-жылдын январь-декабрь айларына карата аткарылган иштери боюнча маалымат.
2023-жылдын январь-декабрь айлары аралыгында Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясы тарабынан төмөндөгүдөй жумуштар аткарылышы пландалган.
2022-жылдын планынан калдык катары 77,0 млн.сом калган. Ал эми 2023-жылга карата “Кумтөр Голд Компани” тарабынан берилген болжолдуу сумма (прогноз) 675,8 млн. сомду түзүдө, мындан тышкары ар кандай төлөмдөрдөн (ссуда) 150,0 млн сом акча каражатын кошуп алганда 2023-жылга пландалуучу болжолду акча каражаты 902,8 млн сомду түзөт. Ал эми Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусунун Байкоочу кеңеши тарабынан бекитилген такталган план 1 030,1 млн. сомду түздү, бул жылдык болжолду суммадан 127,3 млн.сомго ашык акча каражаты бекитилди.
2023-жылдын январь-декабрь айларына карата “Кумтөр Голд Компани” ишканасы тарабынан Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусуна 735,8 млн сом акча каражаты түшкөн. Киреше алып келүүчү долбоорлордон жана башка булактардан жалпысынан 192,3 млн.сом түшкөн. Жалпы пландан 963,2 млн.сом каржыланып, 12 айга алганда план 93,5 пайызга аткарылды.
Ошондой эле, аткарылган иштердин натыйжасында, облус боюнча Ак-Суу районунун Жаңы-Арык айылында сметалык баасы 55,7 млн.сомдук 320 орундуу мектеп спортзалы менен колдонууга берилди, ал эми 2024-жылга карата Жети-Өгүз районунун Кабак айылында сметалык баасы 59,8 млн.сомго мектептин курулушу аяктап колдонууга берилиши пландалууда. Мындан тышкары Жети-Өгүз районунун Ичке-Булуң айылында сметалык баасы 29,7 млн.сомго жана Тоң районунун Ак-Өлөң айылында сметалык баасы 43,6 млн.сомго балдар бакчалары колдонууга берилиши пландалууда.
Ал эми, спорт тармагы боюнча Түп районунун Кен-Суу айылында сметалык баасы 19,3 млн. сомго спорттук зал, Сары-Дөбө айылында 4,4 млн.сомго жана Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарында сметалык баасы 3,2 млн. сомго, Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылында сметалык аасы 4,4 млн. сомго кичи футбол аянтчалары колдонууга берилди, ошондой эле, 2024-жылга карата Тоң районунун Дөң-Талаа айылындагы спорттук залдын курулушун аяктоо менен колдонууга берилиши пландалууда.
Саламаттык сактоо тармагы боюнча 2024-жылдын жаз мезгилине карата Тоң районунун Ала-Баш айылындагы ФАП жана күз мезгилине карата Жети-Өгүз районун Ак-Терек айылындагы ФАП колдонууга берилиши пландалууда.
Мындан тышкары, 2024-жылга карата Тоң районуну Темир-Канат айылындагы клубдун курулушу аяктап колдонууга берилиши даярдалынууда. Ошондой эле, Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларында калкты тейлөө борборлору колдонууга берилди, жалпы сметалык суммасы 19,5 млн.сом. Ушуну менен бирге, Түп районуну Каркыра чек ара кызматынын аймагында мончо курулуп колдонууга берилди.
Жол тармагы боюнча 18,0 млн. сомго Жети-Өгүз районунун Тамга айылынын борбордук көчөсү (1,3 км) реконструкцияланып колдонууга берилди.
Акча каражатынын район жана шаарлар боюнча бөлүнүшү төмөндөгү сүрөттө (млн.сом менен)

Печать