Тойгоналиев Алдаярбек Станбекович 1957-жылы 17-сентябрда Ак-Суу районуна караштуу Боз-Булун айылында төрөлгөн. 1975-жылы Пржевальск шаарында Кыргызсельхозтехника бирикмесинде 3-разряддагы слесарь болуп эмгектенген. Ошол эле жылы күзүндө Советтик Армиянын катарына кызмат кылууга чакырылган. 1978-жылы Армиядан келгенден соң, Кыргызсельхозтехника бирикмесинде шофер болуп эмгектенген. 1982-жылы Ысык-Көл областык Кыргызсельхозхимия бирикмесине шофер болуп которулган. 1985-жылы Пржевальскийдеги үй куруу комбинатынын арматура цехине арматурщик болуп орношуп,андан кийин электросварщик, бригадир, мастер жана цехтин начальниги болуп иштеген. 1989-жылы Френзедеги политехникалык институтка сырттан окуу бөлүмүнө өтүп,1995-жылы ийгиликтүү аяктап, инженер-куруучу кесибине ээ болгон. 1996-жылы Каракол КПД проектстрой мамлекеттик акционердик коомунда прораб, механик, участканын начальниги болуп иштеген. 2001-жылдан 2010-жылга чейин Каракол КПД проектстрой акционердик коомунун төрагасынын орун басары болуп иштеген. 2010-жылдын октябрь айынан 2012-жылдын февраль айына чейин Областык капиталдык курулуш башкармалыгынын башкы адис-технадзор, андан кийин жетекчинин орун басары болуп эмгектенген. 2012-жылдын февраль айынан 2015-жылдын январь айына чейин Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун башкаруу дирекциясынын директорунун орун басары болуп эмгектенген. 2015-жылдын январь айынан 2017-жылдын сентябрь айына чейин Ысык-Көл облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп иштеген. 2018-жылдын август айынан азыркы убака чейин Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун директору болуп эмгектенүүдө.
Эки кыз, үч уулдун атасы.

Сыйлыктары:

  • Госстройдунтүзүлүшүнө 90 жылдыгына карата юбилейлик медалы.
  • Ак-Суу районунун эмгек каарманы наамы.
  • Ак-Суу районунун ардактуу атуулу наамы жана медалы.
  • КР Өкмөтүнүн ардак грамотасы жана медалы.
  • Ысык-Көл облусунун администрациясынын ардак грамотасы.
  • Госстройдун ардак грамотасы.