Облустук иш-чараларга каралган акча каражатынын эсебинен, Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тескемесине ылайык "Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлеринин урматына фонддон 869 (сегиз жүз алтымыш тогуз миң) сом акча каражаты бөлүндү. "Эч ким, эч качан унутулбайт"! Ардагерлерге таазим! PS^ сүрөттөр интернеттен алынды.

Каракол шаарындагы №11 мектеп-гимназиясынын 10-классынын окуучусу, Осмонов Айтбекке Беларусь өлкөсүндө өтүүчү химия сабагы боюнча олимпиадага катышууга материалдык колдоо көрсөтүү максатында 50 миң сом эсебиндеги акча каражаты берилди. Айтбекке ийгилик жана жеңиш каалайбыз!

28.03.2018. Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын администрациясынын жыйындар залын капиталдуу ремонттон өткөрүүгө Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан 1 млн 400 миң сом бөлүнүп, бүгүнкү күндө курулуш иши жүрүүдө.

2010-жылдын 7-апрелиндеги Элдик революциянын учурунда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жаракат алгандарга бир жолку жардам көрсөтүү максатында, Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фонду тарабынан 278 миң 575 сом бөлүндү. Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан облустук акча каражатынын эсебинен каза болгондордун үй-бүлөсүнө 10 миң сом, жаракат алгандардын үй-бүлөсүнө 5 миң сомдон берилди.

Ысык-тамак боюнча долбоорлорго колдоо көрсөтүү максатында мектеп ашканалары толук оңдоодон өткөрүлүп, жабдуулар менен камсыз кылынууда.