Маалымат барагы

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен Ысык-Көл облусунун Тон районуна бир катар социалдык, маданий жана спорттук объектилер курулууда. Тактап айтканда, үстүбүздөгү жылы Тон районунун Тон айылына 100 орундуу жаны бала-бакча курулуп, ишке берилди. Аталган бала-бакча Фонддун техникалык адистеринин дыкаттык көзөмөлүндө салынып, тийиштүү коопсуздук талаптары  тыкыр текшерилди. Ошондой эле, жаны курулган бала-бакчада  100 бала тарбияланып, 25 адам жумуш орду менен камсыз болушту. Бала-бакчанын жалпы курулуш иштерине фонддун эсебинен 31млн.сом акча каражаты жумшалган.

 

 Мектепке чейинки билим берүү мекемелерин көбөйтүү жана аймактардын социалдык  абалын жакшыртуу максатында Ысык-Көл өнүктүрүү фонду Тон районунун Эшперов айылына салынып жаткан 50 орундуу бала-бакчаны кош каржылоого алган. Ошондой эле,  айыл-чарба багытындагы муктаждыктарды жоюу демилгеси менен Фонд тарабынан Тон районунун Көк-Мойнок, Ак-Терек, Төрт-Күл, Көл-Төр, Кун-Чыгыш, Б.Мамбетов, Тон, Көк-Мойнок, Күн-Чыгыш, Кажы-Сай, Улахол айыл аймактарына оор жүк жүктөгүч техникалары, тракторлор, камаздар, самосвалдарды алганда жалпы жонунан 2016-2018 жылдар аралыгында 12 айыл-чарба техникасы сатылып алынды.

PR-менеджер                                                       Ж.Рыскулова

Тел.0700 73 50 53

Тон 2

Тон2

Тон