Маалымат барагы

Ысык-Көл өнүктүрүү  фонду Каракол шаарындагы 100 жылдык тарыхы бар имаратты ондоодон өткөрдү. Каракол шаарынын Гебзе жана Боронбай бий (мурдагы Октябрьская) көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Ысык-Көл облустук теле радио компаниясынын кенсеси толук кандуу капиталдык ондоодон өттү. Ага Ысык-Көл облусун өнүктүрүү  фонду эки жыл катары менен акча каражатын бөлүп, имараттын ички жана тышкы жасалгасы толугу менен ондолду. Фонд тарабынан былтыр,2017-жылы, 2 685 367 сом акча каражаты бөлүнүп, ага имараттын ичи толугу менен  ондолуп, эшик-терезелери жаныртылган.

 

“Бул имараттын 100 жылдан ашык тарыхы бар. Андыктан, тарыхый имаратты сактап калуу жана келечек муунга жеткирүү максатында ондоп-түзөө иштерине Ысык-Көл облусун өнүктүрүү  фонду  жалпысынан 4 160 000 сом жумшады”-деп билдирди фонддун техникалык көзөмөлдөө боюнча башкы адиси Исламбек Дюнембаев. Ал эми быйыл 2018-жылы 1 474 438 сомго имараттын сырты жасалып, чатыры жаныртылып, айланасы курчалды. Ал иштерди жасаган жеке ишкер Касенов буларга токтолду: “Аталган имараттын чатыры абдан эскирген. Ал талкаланып, суу өтө баштаган экен.  Белгилүү болгондой чатыр имарат үчүн абдан маанилүү. Эгер андан суу акса имарат аз убакыттын ичинде жарактан чыгат. Ошондуктан алгач имараттын чатары алмаштырылып, маттуу черепица(матовая)  менен жабылды. Имараттын айланасы курчалып, сырты шыбалып, толук капиталдык ремонттон өттү”- дейт Марат Касенов.

 Белгилей кетсек, имараттын  өлкөгө жана  Ысык-Көл облусуна мааниси зор. Себеби,  ал Кыргызстанда ачылган  биринчи китепкана болуп эсептелинет. Улуу илимпоз, саякатчы Н.М. Пржевальский каза болгондо анын замандаштары, достору П.К. Козлов жана В.И. Роборовский анын урматына дал ушул имаратты китепкана кылып  ачышкан. Имарат 1902-жылы, 14-майда жыгачтан ашталып, эки кабат болуп курулган. Анын тарыхы Каракол шаарын пайда болушу менен тыгыз байланышта.

 Ысык Кол тв.2

Ысык Кол тв

 

PR-менеджер                                                    Ж.Рыскулова

Тел.:0700 735-053