Маалымат барагы

3-декабрь Эл аралык майыптар күнүнө карата Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун кызматкерлери Ак-Суу районунун Теплоключенка айылындагы  Ак-Суу аялдардын социалдык стационардык жатак мекемесинин бейтаптарына  материалдык жардам көрсөтүштү. Ден соолугу чектелген адамдарды коомдун түзүмүнө киргизүү, аларга шарт түзүп берүү ар бирибиздин милдетибиз экендигин фонддун директору Алдаярбек Тойгоналиев баса белгилеп өттү.

Бүгүнкү күндө Ысык-Көл өнүктүрүү фонду мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жана стационардык мекемелердеги көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн  ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет. Белгилей кетсек аталган мекемеде 250дөн ашуун  ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген кыз-келиндер дарыланышат. 

PR-менеджер                                                       Ж.Рыскулова

Тел.0700 73 50 53

 день инвалидов помощь