Маалымат барагы

Ысык-Көл өнүктүрүү фонду айыл жергесинин инфраструктурасын жакшыртуу демилгесин кенири колдоп, жылына ири суммадагы акча каражаттарын жумшап келет. Маселен Фонддун каржылоосу менен Тон районунун  Кажи-Сай айыл аймагынын борбордук көчөсүнө толугу менен асфальт төшөлүп, жолдору кенейтилди. Ошондой эле, жол четиндеги суу өткөрүүчү лотоктор жарактан чыгып калгандыктан толугу менен жаныртылды.

Союз мезгилинен бери Кажи-Сай айылында жолдорду оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөгөндүктөн эски бак-дарактар жол кыймылына тоскоолдук кылып,  унааларга кооптуу абал жаратып келген.Ал эми кошумча жөө адамдар өтүүчү тротуарлар жок болгондуктан адам өмүрүнө коркунуч жараткан учурлар дагы катталган. Жергиликтүү тургундардын айтымында жаны жолдун салынышы менен кооптуу абал жоюлуп, туристтердин келишине бирден-бир шарт түзүлдү. Себеби, туризм жергиликтүү жашоочулардын негизги каражат булактарынын бири.  Жолдун курулушуна фонддун эсебинен жалпы 30млн.сомдон ашык акча каражаты жумшалды. Кошумчалай кетсек Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан Кажы-Сай айылынын бала-бакчасына жылуулук системасын орнотууга, музей-галереянын ачылышына жана айыл-чарба техникасын сатып алууга акча каражаттары бөлүнгөн. 

PR-менеджер                                                       Ж.Рыскулова

Тел.0700 73 50 53

 Кажы Сай

Кажы Сай 1

Кажы Сай