Ысык-Көл облусундагы  Ак-Суу районунун Боз-Булун айылынын бала-бакчасынын кошумча имараты ачылды.Тактап айтканда,  Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун жана Швейцария Өкмөтүнүн Долбоор өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча Швейцариялык Агенттигинин (SDC) кош каржылоосу менен  Ак-Суу районундагы  Боз-Булун айылынын бала-бакчасына кошумча имарат салынып берилди.

Буга чейин аталган айылдын бала-бакчасында 40 бала тарбияланып келсе, дагы кошумча 20-30 баланы кабыл алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Жаны салынган имаратта балдар үчүн бардык шарттар каралган. Бала бакчанын кошумча имаратын салууга Ысык-Көл облусун өнүктүрүү  фонду тарабынан 2 500 000 сом акча каражаты бөлүнгөн.

Боз Булун садик

Боз Булун садик

СадикБоз Булун