Маалымат барагы

Бүгүн 29-октябрь Ысык-Көл өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын байкоочу кенешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктууөкүлүнүн орун басары Монолдоров Дамир Черикович, фонддун директору Тойгоналиев Алдаярбек Станбекович жана байкоочу кенештин мүчөлөрү катышты.

Урматтуу телерадио тармагынын кызматкерлери! Сиздерди 8-декабрь кесиптик майрамыныздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Теле жана радио кызматкерлеринин күнүмдүк жумушу өзгөчө мааниге ээ. Себеби, телевидение жана радио ар бирибизге өлкөдөгү болуп жаткан окуялар туурасында маалыматты жеткирип, биздин жашообузду жандандырып турат.

Облустук иш-чараларга каралган акча каражатынын эсебинен, Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тескемесине ылайык "Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлеринин урматына фонддон 869 (сегиз жүз алтымыш тогуз миң) сом акча каражаты бөлүндү. "Эч ким, эч качан унутулбайт"! Ардагерлерге таазим! PS^ сүрөттөр интернеттен алынды.

Каракол шаарындагы №11 мектеп-гимназиясынын 10-классынын окуучусу, Осмонов Айтбекке Беларусь өлкөсүндө өтүүчү химия сабагы боюнча олимпиадага катышууга материалдык колдоо көрсөтүү максатында 50 миң сом эсебиндеги акча каражаты берилди. Айтбекке ийгилик жана жеңиш каалайбыз!

28.03.2018. Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын администрациясынын жыйындар залын капиталдуу ремонттон өткөрүүгө Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан 1 млн 400 миң сом бөлүнүп, бүгүнкү күндө курулуш иши жүрүүдө.