Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районун Теплоключенка айылында  жаны “Жаштар” сейил багы ачылды. Сейил бактын курулушуна Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан 1 478 200 сом акча бөлүнгөн.  Алгач пландоо иштери жүргүзүлүп, сейил бактын тереги тосмо менен курчалды. Андан соң брусчаткалар төшөлүп, жаны отургучтар, таштанды күркөлөрү жана балдар ойноочу аянтча курулду.

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын көз оорулар бөлүмүнүн имараты ондоолууда. Тактап айтканда, Ысык-Көл өнүктүрүү фонду аталган оорукананын ички жасалгасын толук ондоп түзөөгө 4 071 200 сом бөлдү. Ооруканын имараты 1970-1980 жылдар аралыгында салынган. Имаратта бүгүнкү күнгө чейин эч кандай өндоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес.

Ысык-Көл районунун Жаркынбай айылында 100 орундуу жаны бала бакча колдонууга берилди. Балдар бакчасы Ысык-Көл  өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен салынып, жалпы сметалык баасы 34 млн 663 600 миң сомду түздү. 

Балыкчы шаарында 150 орундук бала бакча ачылды. Бала бакчанын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев, Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун жетекчиси Алдаярбек Тойгоналиев , шаардык мэриянын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун жетекчиси Тойгоналиев Алдаярбек Станбековичтин демилгеси менен 1-сентябрь билим күнүнө карата Каракол шаарындагы “Ирада” үй бүлөлүк балдар үйүнө жардам көрсөтүлдү.