Балыкчы шаарында 150 орундук бала бакча ачылды. Бала бакчанын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев, Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун жетекчиси Алдаярбек Тойгоналиев , шаардык мэриянын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун жетекчиси Тойгоналиев Алдаярбек Станбековичтин демилгеси менен 1-сентябрь билим күнүнө карата Каракол шаарындагы “Ирада” үй бүлөлүк балдар үйүнө жардам көрсөтүлдү.

Түп районунун Михайловка айыл аймагынын эски каналы ондоп-түзөөдөн өткөрүлдү. 

Каракол шаарынын борбордук аянтындагы ардак тактасы жаныртылды.

Ысык-Көл өнүктүрүү фонду тарабынан Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин 4-корпусунун имараты ондолуп жатат.